БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Россия кайрадан Евробиримдик өлкөлөрүнө газ экспорттогон лидер боло аларын Bloomberg басылмасы жазды.
"Газ рыногундагы миллиарддаган доллар коркунучта", — деп жазды серепчи Хавьер Блас.
Ал ошондой эле Оксфорддун энергетикалык изилдөөлөр институту уюштурган жыйында көптөгөн саясатчылар жана адистер Россия кайрадан Европанын энергетика рыногунда негизги фигура боло алат дегенге макул экенин белгиледи.
"Мен "макул" дегендердин катарындамын", — деди Блас. Ал азыркы реалдуулук ар кандай саясатчылардын пикиринен алда канча маанилүү экенин кошумчалаган.
Автор Россия көп жылдан бери Европага негизги газ жеткирүүчү өлкө болгондугун белгилеген.
"Ондогон жылдар бою курулган энергетикалык көпүрө (Россия менен Евробиримдиктин ортосунда – ред.) кансыз согушту да, Советтер Союзунун кыйрашын да, Европанын энергетикалык рыногунун либералдаштыруусун да жеңди", — деп жазылат макалада.
Журналисттин айтымында, европалык саясатчылардын арасында Евробиримдик менен Россиянын мамилеси тууралуу пикир эки ача. Маселен, Австриянын энергетика министри Леонора Гевесслер Евробиримдиктин "эркиндиги" россиялык газдан толук баш тартканда гана ишке ашат десе, Саксониянын премьер-министри Михаэль Кречмер Москва менен энергетикалык байланышты үзүү "тарыхый наадандык жана геосаясий жактан туура эмес" болорун белгилеген.
Макаланын аягында автор ЕБ энергиянын кайра жаралуучу булактарына өткөндөн улам мынчалык чоң көлөмдөгү көгүлтүр отунга муктаж болбой турганын, бирок Европа өзүнүн өнөр жайын өз деңгээлинде кармап турууга аракет кылса, жеткиликтүү сырьё керек болорун айткан. Бластын айтымында, Европа россиялык газдан арзанын таба албайт.
Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялардын киргизилиши жана россиялык отундан баш тартуу саясатынан улам энергиянын кымбатташына жана инфляциянын өсүшүнө туш болууда. Күйүүчү майдын, биринчи кезекте газдын баасынын өсүшүнөн улам Европанын өнөр жайы өзүнүн атаандаштык жаратчу артыкчылыктарынан кол жууду. Бул экономиканын башка тармактарына да таасирин тийгизүүдө.