Жалал-Абадда эмки аптада жаан-чачын болбойт

Айрым күндөрү абанын жылуулугу +7…+9 градус болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Жалал-Абад облусу боюнча аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Билдирүүгө караганда, апта бою күндүн көзү бузулбайт. 12-18-декабрда аймак боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Анткен менен тоолуу аймактарда түнкүсүн суук -18…-23 градуска түшкөн учурлар болот. Күндүз термометр +7…+9 градусту көрсөтөт.
Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Күн жылыйбы? Келерки жумага карата Талас облусундагы аба ырайы