Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына барды. Сапарда пландалган иштер

Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына барды
Өкмөт башчы бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында өкмөт башчы Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына тең төрага катары катышат.
Андан соң бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат. Соңунда тиешелүү документтерге кол коё турганы айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров Япониянын Борбордук банкынын төрагасы менен жолукту