БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШнын аскер деңиз флотунун отставкадагы атайын багыттагы даярдыктан өткөн жоокери Крис Бек жынысын өзгөрткөн чечимине бармагын тиштээрин New York Post басылмасына билдирди..
Ал өзүнүн жашоосун талкалап алгандыгын айтып, америкалыктарды "ойгонууга" чакырган. Аскер деңиз флотунда 20 жыл кызмат өтөгөн Крис Бек 2013-жылы жынысын аялга өзгөртөрүн көпчүлүккө билдирген. Эми ал кетирген катасын оңдоого аракет жасоодо.
"Бул 10 жылдын ичинде болгон нерсенин баары жашоомду талкалады. Мен курмандык эмесмин, баарын өзүм кыйраттым. Баарын өзүм жасадым, бирок бул нерсеге барууга мага жардам бергендер болгон", — деп билдирген Бек.
Ал чечим кабыл алып жатканда ишенчээк жана начар абалда болгондуктан үгүттөөгө берилип кеткендигин баяндап берген.
"Мени билими менден жогору болгон адамдар колдонушту. Алар эмне кылып жатканын билишчү, мен болсо аны аңдабаптырмын, башым жетпептир", — деген Бек.
Анын айтымында, Америкада жынысты алмаштыруу боюнча миңдеген клиникалар курулууда.
"Андыктан мен Америкадагыларга "ойгонгула" деп айтууга аракет кылып, акыл-эс менен иш кылууга чакырам", — деп аскер ыймандай сыры менен бөлүшкөн.