БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстан экинчи ирет жаңы Airbus H145 техникасын сатып алып, президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, аталган тик учакка түшүп бир сыйра көрүп чыкты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Аталган техника Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлгөн.
Султанбаев Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, жолдогу жагдайды эскертүүчү TAS 620 системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылганын маалымдады.
Жаңы техниканы колдонуу кырсыктарды алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө тез жетип барууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алары айтылды. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча өлкөнүн бюджетине түшмөкчү.
"Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Келерки жылы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө ӨКМ үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келет деп күтүлүүдө.
Жапаров тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-чаралары муну менен эле токтоп калбай, бул багыттагы иштер улантыла турганын билдирген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын августунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган. Мунун ичинде төрт жүргүнчүгө эсептелген Airbus H-125 да болгон.