Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Абхаз премьери: Грузияда Россияга каршы "фронт" ачууга аракет кылышты

Анкваб Грузияда акыл-эстүү кишилер көп экендигин, алар эскалацияга жол бербестигинен үмүт артып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Абхазия бийлиги Грузия боюнча кыраакылыгын сактап, абалды көз жаздымда калтырбай турат, тагыраагы, эмиссарлар, өзгөчө Польша тарап Россияга карата "экинчи фронт" ачууга аракет кылгандан кийин да бул саксынууну тереңдетти. Бул туурасында РИА Новостиге Абхаз премьери Александр Анкваб айтып берген.
"Кыраакылыгыбызды эч качан жоготпойбуз, бул бүгүнкүдөй кырдаалдан кийин да күч алат. Европанын ар кыл өлкөлөрүнөн, өзгөчө Польшадан эмиссарлар агылып келип, экинчи фронтту (Грузия – ред.) ачууга үндөштү. Кудайга шүгүр, азыр бул нерсе болгон жок", — деген премьер азыр РФтин Украина боюнча атайын операциясынын фонунда Грузия менен эскалация боло турган өбөлгө жокпу деген суроого.
Ал Грузияда да акыл-эс менен иш кылган адамдар арбын экендигине үмүт арткан.
"Биздин кырдаал негизи чыңалган тейде турат. Грузияда эскалацияга жол бербей турган эстүү кишилер арбын деп үмүт артам. Ар кыл абалдан улам жаралган, биздин көңүлдү бура турган акцияларды байкап, процесстерге көз салып турабыз", — деп белгилеген Анкваб.
Москва 2008-жылдын 26-августунда Грузиянын Цхинвалга карата куралдуу агрессиясынан кийин Түштүк Осетия менен Абхазия көз карандысыздыгын тааныган. Россия бийлиги мурдагы автономиялуу эки республиканын суверендүүлүгүн таанууну кайра карап чыкпай тургандыгын айткан. Бирок Тблиси бул республикалардын эркиндигин тааныбай келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Окуя кантип өнүктү? Жаңы аймактардын Россияга кириши боюнча видеографика