Бишкектин бир районунда окуучуларга бут кийим алмаштыруу эрежеси киргизилет

Муниципалитет демилгени ата-энелер дагы колдогонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акимчилигинин демилгеси менен №75, 78, 99, 101 мектептерде бут кийимди алмаштырып кире турган эреже иштемей болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бут кийимди коюучу атайын шкафтарды "Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коому" даярдайт.
Мэрия билдиргендей, жакында Биринчи май районундагы бардык мектептерде бут кийимди алмаштырып кирүү эрежеси колдонулат. Мындай демилгени ата-энелер дагы колдошкон.
"Мектепте тазалыкты сактоо үчүн керектүү шарттар, анын ичинде окуучулардын бут кийимин алмаштыруу зарыл. Мунун баары балдарды жаштайынан тартипке жана маданияттуулукка үйрөтүү максатында жасалууда", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин да ордо калаанын үч мектебинде бут кийим алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор иштей баштаганы кабарланган.
Пресс-борбор
Депутат Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобустарды уюштурууну сунуштады