Жогорку Кеңеш Кореядан 200 миң долларлык жабдууларды алды

2023-жылы KOICA аркылуу Жогорку Кеңешти санариптештирүү долбоору башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.
1 / 2

Жолугушуунун жыйынтыгында 200 миң доллар өлчөмүндөгү тармактык жабдууларды парламентке берүү актысына кол коюу аземи болду

2 / 2

Документке Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу кол койгон

Азыгалиев KOICA уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү парламенттин санариптик потенциалын бекемдөө максатында техникалык жардам көрсөтүп жатканына токтолгон.
Өз кезегинде элчи 2023-жылы Жогорку Кеңешти санариптештирүү долбоорун ишке ашырууга киришерин айткан.
Жолугушуунун жыйынтыгында 200 миң доллар өлчөмүндөгү тармактык жабдууларды парламентке берүү актысына кол коюу аземи болду. Документке Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу кол койгон.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Рае Квон Чунг: Кыргызстан узак мөөнөттү долбоорлорго акча салбаса артта калат