АКШ Россияга жаңы санкция киргизди. Москванын жообу

Вашингтон кечээ коррупция жана адам укуктарын бузууга тиешеси бар деп тогуз өлкөдөгү 40тан ашуун адамга санкция киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын Россияга каршы киргизген жаңы санкциялары ыңгайсыз тараптарды каралоо жана чыныгы демократия менен автократиянын ортосун жасалма бөлүп турууга багытталган. Бул туурасында Москванын Вашингтондогу элчилиги билдиргенин РИА Новости жазды.
АШКнын Финансы министрлиги 9-декабрда коррупция жана адам укуктарын бузууга тиешеси бар деп тогуз өлкөдөгү 40тан ашуун жеке жана юридикалык жактарга санкция киргизген. Ал тизмеде Россия, Гватемала, Түндүк Корея, Мали, Гвинея, Иран, Сальвадор, Кытай жана Филиппиндин өкүлдөрү бар. Чектөөлөр РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Элла Памфиловага жана 15 мүчөсүнө да таасир эткен.
"Россиялыктарга каршы жаңы санкциялар АКШ администрациясынын жарнамалык кампаниясы сыяктуу эле болуп калды. Максаты — адам укуктарын бузду деген шылтоону бетине кармап өзүнө ыңгайсыз адамдарды каралоо. Вашингтон Россия эл аралык иштерде өз алдынча жана принципиалдуу позицияда турганы үчүн "жазалоо" аракетин токтото албай жатат", — деп билдирди дипөкүлчүлүк.
Ошондой эле элчилик Вашингтон адам укуктары деген куралын колдонуп башка мамлекеттердин дагы сырткы саясатын жамааттык Батышка ыктатууга жандалбастап жатканын белгиледи.
ЕБ украиналык каатчылыктан ким пайда көрүп жатканын түшүндү. Сереп