БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ош облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, бул жуманын башынан аягына чейин жаан-чачын болбой күн ачык турат. 11-12-декабрь күндөрү айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал.
Дүйшөмбүдөн тарта күн жылып, ишемби күнү +8 градуска чейин жетет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.