Майыптыгы бар жарандарга жашаган жерине барып документ берүү өнөктүгү башталды

Иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Декабрдын аягына чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жеринде эле бардык керектүү каттоо кызматтарына ээ боло алышат. Мындай маалыматты Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Республиканын аймагы боюнча калкты жашаган жерине барып документтештирүү өнөктүгү башталган.
Министрлик 8-декабрдан 31-декабрга чейин мобилдик топтордун графигине ылайык, төмөнкү кызматтар көрсөтүлөрүн белгиледи:
Кыргызстандын жаранынын паспортуна документтерди кабыл алуу;
жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (баланын туулгандыгын каттоо, өлүмдү каттоо) жана күбөлүк берүү;
"Балага сүйүнчү" бир жолку жөлөк пулга арыз кабыл алуу;
Кыргызстандын жарандарынын жашаган жери жана убактылуу жашаган жери боюнча каттоо;
чет өлкөлүк жарандарды каттоо;
жарандык маселелери боюнча кеңеш берүү жана документтерди кабыл алуу;
биометрикалык маалыматтарды каттоо;
жеке идентификациялык номериңизди текшериңиз, күбөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү алыңыз.
"Бул иш президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндөгү" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө. Иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өтөт.
Мобилдик топтор Департаменттин аймактар аралык бөлүмдөрүнүн, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жана "Кыргыз почтасынын" кызматкерлеринен түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Санариптик документтер юридикалык мааниге ээ болот. Жапаров чечимди жактырды