БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Улуу Британиянын экс-премьер-министри Борис Жонсон россиялык газдан көз каранды мамлекеттер үчүн кыш оор болорун, бирок кийинки жылы кырдаал мындан да катаалдаша турганын боолголоду. Мурунку өкмөт башчынын макаласы Wall Street Journal басылмасына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Газ кампаларыбызды толтуруп алгандыктан быйыл кыштан чыгабыз. Олуттуу көйгөй — 2023-24-жылдардын кышы. Себеби запас азайып, кампаларды толтуруу кыйындайт. Жаңы терминалдар ишке кире элек болот. Азыр Европанын айрым мамлекеттерил деңиздеги шамал энергиясын түзүүгө жан үрөп жатат, бирок алар да кийинки жылга чейин даяр болбойт", — деп жазган Жонсон.
Экс-премьер мындай жагдайда Украинага каражат бөлүү бир топ оор болорун белгилеп, бирок буга карабастан Киевге колдоо көрсөтүүнү улантууга чакырган.
Россия Украинада атайын операциясын баштаган соң Батыш Москвага карата этап-этабы менен санкциянын сегиз пакетин киргизди. Арасында жеке тараптарга тиешелүүсү да, экономикалык чектөөлөр да бар. Мындай абал Европа менен АКШнын өзүндө электр энергиясынын, отун жана азык-түлүктүн кымбатташын шарттаган. РФ лидери Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку урганын белгилеп келет. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу. Россияда Батыштын бардык кысымына туруштук берилери эскертилип келет.