Уйкуну бузуп, нервди жабыркатат. Ден соолукту солгундаткан үйдөгү 6 буюм

Күнүмдүк пайдаланып жүргөн буюм-тайымдардын арасында организмге зыян келтире тургандары бар. Андыктан аларды таза жана туура пайдаланууга аракет кылуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Үйдөгү айрым буюмдар адамдын ооруп калышына себепчи болот. Аларды адистердин пикирине таянып "Доктор Питер" басылмасы тизмектеди.

Матрас

Матрастын курамында өрткө каршы антипирен аттуу зат болот. Адистердин айтымында, ал башты оорутуп, нерв системасына терс таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле боор жана калкан безинин ишин бузат.

Жаздык

Грибоктор чогулган жер. Астма же гайморит менен жабыркаган кишилер жаздыкты болушунча таза кармап, маал-маалы менен алмаштырып турушу керек.

Лампочка

Кадимки энергияны үнөмдөөчү лампалар териге зыян келтирерин британиялык дерматологдор аныкташкан.

Телефондун заряддагычы

Жакын жерде телефон заряддалып жаткан учурда анын толкундары адамдын нерв системасына терс таасирин тийгизет. Мындан улам көпчүлүк адамдардын уйкусу бузулат.

Радиатордук батареянын корпусу

Бул үйдөгү чаң өтө көп топтолгон жер. Бат-баттан тазалап турбаса абаны булгап, муну менен катар адамдын дем алуу системасынын ишин татаалдатат.

Килем

Килем дагы чаңды көп топтой турган буюм. Чаң менен чогуу ага аллергендер менен зыяндуу микроорганизмдер туруп калат. Үйдөгү килемдерди бат-баттан тазалабаган кишилер көбүнесе астма, аллергия сыяктуу илдеттерге кабылат.
Тумоолоп жаткан балага кандай жардам бере алабыз? Дарыгердин кеңеши