БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россия нефтинин баасына чек киргизген өлкөлөргө мунай сатпайт. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Бишкекте өткөн саммиттен кийин уюштурулган маалымат жыйында билдирди.
“Мындай чечим кабыл алгандарга эч нерсе сатпай турганыбызды буга чейин да айткам”, — деди ал.
РФ лидери россиялык нефтинин баасына коюлган чек бүгүнкү күндөгү наркка туура келе турганын жана азырынча Россияга тиешеси жок экенин белгиледи. Бааны чектөө аны сунуштаган тарапка да бир топ кооптуулук жаратышы мүмкүн.
“Мындай зыяндуу, рынок шартына төп келбеген чечим эч кимге пайда алып келбейт, мындан керектөөчү да жабыркайт. Өзүнө ыңгайлуу бааны таңуулагандар максатына жеткен күндө да баа кескин төмөндөп, инвестициянын баары жокко чыгат, натыйжада кайра кымбаттоо болуп, чечим кабыл алгандардын өзүнө муш болуп тиет”, — деди Путин.
Чоо-жайы
Россия Европага нефтинин негизги жеткирүүчүсү болуп, континенттин аталган сырьёго болгон муктаждыгынын 20 пайызын жапчу. Бирок Украинадагы атайын операцияга жооп иретинде Батыш мамлекеттери рестрикцияларды иштеп чыккан, анын ичинде Москванын нефть экспортунан көрчү пайдасын чектөө да бар.
Евробиримдик жай айларында санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алган, анын алкагында Россиядан кара алтындын деңиз менен ташылуусуна эмбаргону этап-этабы менен киргизүү каралган. Чечим боюнча чектөө 5-декабрда толугу менен ишке ашмак. Ал эми нефть продукциясы үчүн өткөөл мезгил узагыраак болуп, толугу менен 5-февралда күчүнө кирет.
Алгач Евробиримдик өлкөлөрү, анын артынан G7 мамлекеттери менен Австралия Россиядан өндүрүлгөн нефтинин бир баррелинин баасын 60 доллардын чегинде бекиткен. Бирок аталган чек өйдө-ылдый болушу мүмкүн экени айтылган. Мындай процедура январдын ортосуна белгиленди, бирок бул үчүн ЕБдин бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек.
Президент Владимир Путин Батыштын аракетине комментарий берип жатып, Россия өз кызыкчылыгына каршы келе турган болсо чет жакка эч нерсе жөнөтпөй турганын эскерткен.