БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Нарын облусунда 2022-жылдын 10 айында балдар тарабынан жасалган 25 кылмыш иши катталса, анын 19у уурдоо, калгандары тоноо, опузалоо учурлары болгон. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын балдар иштери боюнча инспектору Кутман Нурмамбетов "Келечекке таза кадам" аталышындагы форумда билдирди.
Жогоруда айтылган иштерге 35 өспүрүм катышса, алардын 28и мектеп окуучулары, анын ичинен үчөө кыз бала болгон.
"Ал эми алдын алуу иштери боюнча 171 бала ички иштер органдарынын каттоосуна алынып, иш жүргүзүлгөн. Өздөрүнүн жүрүм-туруму менен балдарга терс таасирин тийгизген жети ата-эне, коомго каршы багыттагы алты өспүрүмдөр тобу Балдар иштери боюнча инспекциянын каттоосунда турат", — деп билдирген Нурмамбетов.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков балдар катышкан кылмыштуулук өткөн жылга салыштырмалуу 27 учурга аз катталганын, бирок алдын алуу иштери жүргүзүлүшү керектигин, балдарды тарбиялоодо ата-эненин көзөмөлүн, жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгилеген.