Бишкектеги инвестициялык саммит

Кыргызстан менен Россия Балыкчы — Кара-Кече темир жолу боюнча документке кол койду

Аталган темир жолдун узундугу 186 чакырым болушу керек. Быйыл анын беш чакырымын куруу пландаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу маселеси камтылган өз ара түшүнүшүү боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматта документке бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте өткөн инвестициялык саммиттин алкагында "Кыргыз темир жолу", "Россиялык экспорттук борбор" акционердик коому жана "РЖД Интернешнл" компаниясы тарабынан кол коюлганы айтылган.
"Меморандум аталган темир жолду куруу долбоорунун мындан аркы мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууну жана долбоордун этап менен ишке ашырылышын камтыйт", — деп жазылат билдирүүдө.

Курулуш долбоору тууралуу

Учурда аталган темир жол курулууда, узундугу 186 чакырым болушу керек. Биринчи этапта темир жолдун 63 чакырымдык Балыкчы — Кочкор бөлүгү салынат. 2022-жылы темир жолдун беш чакырымын куруу пландалган, учурда бул жумуштун 90 пайызы аткарылды. Жол "Кыргыз темир жолунун" өз каражатына курулуп жатат.
Бул стратегиялык долбоор Ысык-Көл менен Нарын облустарынын өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Келечекте бул темир жол азыр долбоору түзүлүп жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна кошулуп, жалпы Борбор Азия регионунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мындан тышкары, Кыргызстандын ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүп, өлкөнүн бул жааттагы потенциалын толук ачууга негиз болот.
Радио
Кожошев: ЕАЭБ алкагында эки транспорттук коридор боюнча иш жүрүп жатат