БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. КМШ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Москвада жолугушту. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Кыргызстан баш болгон тогуз өлкөнүн бөлүм жетекчилери Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.
Коргоо министрлери эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашууда.
Россиянын президенти Владимир Путин жолугушуунун катышуучуларына видеокайрылуу жөнөткөнүн Кремлден билдирди.
Урунттуу учурлары:
көз алдыбызда чыныгы көп полярдуу дүйнөлүк тартиптин контурлары жаралууда: Азияда, Африкада жана Латын Америкасында өзүнүн көз карандысыздыгын, өнүгүү жолун жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон жаңы өнүгүү борборлору түзүлүүдө;
дүйнөдө чыр-чатактын потенциалы өсүүдө. Бул Батыштын кээ бир элитасынын өзүнүн саясий, экономикалык, каржылык, аскердик жана идеологиялык үстөмдүгүн сактап калуу аракетинин кесепети. Алар атайылап эле башаламандыкты жана эл аралык абалды курчутуп жатышат;
АКШ табакташтары менен күчкө таянып жатат. Алар иш жүзүндө ондогон жылдар бою түзүлгөн стратегиялык туруктуулуктун архитектурасын талкалашты, НАТО экспансиясынын географиясы ажаандык менен кеңейтилүүдө;
алар өнүгүүнүн жолун бардык жактан бууп салуу үчүн мыйзамсыз соода-экономикалык санкцияларды киргизип, "түстүү революциялардын" технологияларын колдонуп каршы чыккан өкмөттөрдү алсыратуу жана аскердик чыр-чатактарды тутантууда, ачыктан чагымчылык менен дүйнөнүн ар кайсы аймактарында тирешүүнү курчутуп келишет;
мындай аракеттердин кесепетин бүгүн Украинадан көрүүгө болот. Бир нече жылдар бою Батыш бетпакчылык менен ресурстарын тартып алып, пайдаланып келген. Донбасста геноцид менен террорду коштоп, бул өлкөнү колонияга айлантып, азыр украин элин Россияга каршы сокку уруучу курал катары пайдаланып жатат. Украинаны курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоону улантып, жалданма аскерлерди жөнөтүү менен аны жанынан аша кечирүүдө;
коопсуздуктун жана кызматташтыктын ийкемдүү жана туруктуу системасын түзүү боюнча биргелешип иш алып баруу зарыл;
ШКУ жана КМШнын алкагында коргонуу саясатында туруктуу маалымат алмашууну өнүктүрүүнү улантуу, улуттук куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, куралдын эң заманбап үлгүлөрүн киргизүү зарыл;
тынчтыкты сактоочу бөлүмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн мындан да жогорулатуу, алардын БУУнун тынчтыкты сактоого багытталган операцияларына киргизүүнү улантуу керек.