Бишкекте өтчү ЕАЭБ саммитинин программасы

Бүгүн тар жана кеңири курамдагы отурумдар өтүп, андан соң саммиттин жыйынтыгы менен журналисттерге маалымат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бүгүн, 9-декабрда, мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.
Ал төмөнкү программа боюнча болот:
Саат 12.00дө – "Конгресс Холлго" келүү;
12.00-12.30 – ЕАЭБге мүчө мамлекет башчыларынын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен учурашуу аземи, андан соң биргелешип сүрөткө түшүү;
12.30-13.30 – тар курамдагы отурум;
13.30-13.35 – Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун келиши;
13.50-14.50 – кеңири курамдагы отурум;
14.50-15.00 – жыйынтыктоочу келишимдерге кол коюу;
15.00-15.20 – жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтин маалымат берүүсү.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте өтө турган саммитке кечээ биринчилерден болуп Беларусь лидери Александр Лукашенко келген. Ал эми Россия президенти Владимир Путиндин учагы Бишкекке бүгүн эртең менен конду. Учурда Армения менен Казакстан жетекчилеринин келиши күтүлүүдө.
Бишкектеги ЕАЭБ башчыларынын саммити. Учурда эмне болуп жатат?