БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 1991-жылы 8-декабрда Советтер Союзунун 69 жылдык тарыхына чекит коюлган.
Бул тарыхый ирмемдин видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Беловеж макулдашуусуна Вискули резиденциясында союздук үч республиканын жетекчилери менен өкмөт башчылары кол койгон. РСФСРден Борис Ельцин менен Геннадий Бурбулис, Беларусь Советтик Социалисттик Республикасынан Станислав Шушкевич менен Вячеслав Кебич, Украина Советтик Социалисттик Республикасынан Леонид Кравчук менен Витольд Фокин болгон.
СССРди кулатуу боюнча алар бир күн мурда кечки тамак учурунда макулдашкан. СССРдин КГБсынын спецназы СССРди жок кылчуларды камоо боюнча буйрукту токойдо күтүп турган. Бирок эмнегедир буйрук келген эмес. Бул документтердин этегинде Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевдин да колу болушу керек эле. Бирок ал Вискулиге барган эмес. Кабарды биринчилерден болуп АКШнын президенти Бушка айтышкан. Ага Ельцин чалган. Ал эми Шушкевич Горбачевдун жардамчылары СССРдин лидери менен качан байланыштырарын чыдап күтүп отурган. 13 күндөн кийин Алма-Ата шаарында мурдагы союздук республикалардын ичинен 11и Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү боюнча декларацияга кол коюшат.
2022-жылдын май айында бир жума аралыгы менен Шушкевич жана Кравчук дүйнө салды, көп өтпөй июнь айында Бурбулис көз жумган. Азыр Беловеж макулдашуусуна кол койгондордун ичинен Украинанын мурдагы премьер-министри Витольд Фокин бар.