Өзбекстан газ союзунан баш тартабы? Энергетика министринин жообу

Буга чейин социалдык тармакта өзбек бийлиги Россия жана Казакстан менен үч тараптуу газ биримдигин түзүү идеясынан баш тартканы тууралуу маалыматтар тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өзбекстан Россия жана Казакстан менен газ биримдигине кирүү үчүн жасалма дефицит жаратпайт. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
"Учурдагы кырдаал тышкы факторлордон көз каранды эмес. Дефицит Өзбекстандын ички керектөөлөрүнүн көбөйүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Энергия экономиканын, калктын жана кирешенин өсүшүнүн натыйжасында көп колдонула баштады. Биздин күнөөбүз — бул муктаждыкты жетиштүү канааттандыра албаганыбызда", — деген Мирзамахмудов.
Министр учурда Өзбекстанда бардык ички ресурстар мобилизацияланганы менен импортко муктаждык дале бар экениндигин кошумчалаган.
"Ошондуктан бүгүнкү күндө кандайдыр бир альянс же биримдик түзүүнүн ордуна коңшу өлкөлөрдөн жаратылыш газын, электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызга таянып, энергетикалык тармактарыбызды кимдир бирөөгө берүү менен эмес, соода келишиминин негизинде кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", — деп айткан министр.
Эске салсак, өткөн айда президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Кремлдеги жолугушууда Россия, Казакстан жана Өзбекстандын "үч тараптуу газ союзун" түзүүнү талкуулашкан. Анын максаты — россиялык газды Казакстанга жана Өзбекстанга жеткирүү иштерин координациялоо.
Буга чейин социалдык тармакта өзбек бийлиги Россия жана Казакстан менен үч тараптуу газ биримдигин түзүү идеясынан баш тартканы тууралуу маалыматтар тараган.
Экономист Кубат Рахимов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ союзу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айтып, себебин түшүндүрүп берген.
Путин Токаевге Өзбекстан менен бирге союз түзүүнү сунуштады. Максаты