БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өлкөдө чочко тумоосун жугузган 34 бейтап катталгандыгын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык абал курчугандан бери республика боюнча сасык тумоонун 764 үлгүсү текшерилип, 34 бейтаптан чочко тумоосу аныкталган. Бул вирус абдан тез жугат жана ден соолукка олуттуу зыян келтирет.
Эске салсак, быйыл Россияга да чочко тумоосу келгенин Роспотребнадзор билдирген. Бул грипптин вирусу (H1N1) 2009-2010-жылдары пандемияны шарттаган.
Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова белгилегендей, аталган вирустун минималдуу инкубациялык мезгили бир нече саат, эң көбү жети күн болушу мүмкүн. Ал сасык тумоо же COVID-19 экенин аныктоо үчүн дароо дарыгерге кайрылуу керек.
Чочко тумоосунун белгилери:
баштын жана булчуңдардын оорушу;
дем алуу органдары жабыркайт (кургак жөтөл, мурундун агышы, ангина, абанын жетишсиздиги);
дене табынын 38-39 градуска чейин жогорулашы;
алсыроо;
оорунун тез күчөп кетиши.
Тобокел тобундагылар:
кант диабети, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын өнөкөт оорусу барлар;
карылар (65 жаштан жогору);
узакка созулган психоэмоционалдык стресстен алсырагандар;
ашыкча салмактагы адамдар;
кош бойлуу аялдар;
ымыркайлар;
АИВ же кортикостероиддерди узак мөөнөттүү колдонуу менен шартталган иммундук жетишсиздиги бар адамдар.