Жапаров: Баткенде бир компания 31 субподрядчы жалдап үйлөрдү куруп жатат

Эл өкүлү бийлик элге декабрь ичи турак жайларын куруп берүүнү убадалаганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткенде тажик тараптын кол салуусунан талкаланган үйлөрдүн курулушу эмне себептен кечеңдеп жатканын сурады.
Эл өкүлү бийлик турак жайлар декабрь ичи курулуп бүтүп, эл кирип жашап калат деген убада бергенин эске салды.
"Азыр көпчүлүгүнүн чатыры дагы жабылган жок. Курулушчулар менен сүйлөшсөм 50 пайыз дагы акчасын албаптыр. Акча бөлүнгөн беле, ким куруп жатат негизи?" — деди Акаев.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-декабрга чейин 150 үй толук курулуп ээлерине тапшырыларын, калганы катары менен бүткөрүлө берерин айтты.
"Мамкурулуш агенттиги ишке көзөмөл жүргүзүп жатат. Ал эми "Аманат" деген компания курулуш иштерин мойнуна алган, ал 31 субподрядчы компанияны жалдаган. Үйлөрдү курууга бир миллиард сом бөлүнгөн, дагы керек болсо карап беребиз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, чек арадагы кагылышта Баткен облусу боюнча 618 турак жай талкаланган. Анын 453үн кайра башынан куруп, калган 165ин капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган.
Баткенге жардам катары чогулган каражаттын 148,7 млн. сому коротулду