Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Киевдин Донбассты аткылашы боюнча эл аралык уюмдардын унчукпаганына нааразы

Путин Донбасстын көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн жашоочуларынын укугун сегиз жыл бою дүйнөлүк уюм деп аталгандар этибар албай келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Киевдин Донбасстагы калк жашаган аймактарды аткылап жатканын Батыш менен эл аралык укук коргоо уюмдары билбейт калбайт. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин Жарандык коом жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңешинин видеоконференция форматында өткөн жыйынында айтты.

"Донбасстын калк жашаган аймактарын аткылоого келе турган болсок... Чындыгында эл жашаган кварталдарга сокку жасалууда, муну эч ким билбей калбайт, бирок эч нерсе болбогондой баары унчукпайт. Бул өтө туура эмес көрүнүш", — деди ал.

Путин Донбасстын көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн жашоочуларынын укугун сегиз жыл бою дүйнөлүк уюм деп аталгандар этибар албай келгенин белгиледи.
"Биздин кеңеш адам укуктарын коргойт жана камсыздайт деген эл аралык институттарга маалыматтарды жөнөтүү менен бул маселени дайыма көтөрүп келди. Бирок алардын көбү капыстан эле такыр көрбөй, укпай калгандай түр көрсөтүштү. Аскердик атайын операция башталгандан кийин гана БУУ, Европа кеңеши жана башка укук коргоо уюм деп аталгандар капыстан "көрө калышып", тартынбай эле өздөрүнүн уятсыздыгын көрсөтө башташты", — деп кошумчалады Путин.
Россия президентинин айтымында, бул аракеттер аталган структуралардын өз милдеттерин аткара албагандыгынан кабар берет. Алардын бир тараптуулугунан улам Россия бул уюмдардын бир катарларынын мүчөсү болуудан баш тарткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев россиялык аэродромдорго чабуул койгонун бейрасмий мойнуна алды