Өмүрбек Бакиров кайра эле өзүнүн кабинетинде кала турган болду

Эл өкүлү тергөө тобу келип буюмдарын өткөрүп берери менен иш бөлмөсүнө кирерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров 7-кабаттагы кабинетинде эле кала турган болду. Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.
Бакиров депутаттык комиссия аны чыгарып салуу мыйзамыз деп тапканына байланыштуу кабинет кайра өзүнө кайтарылып жатканын белгилеген.
"Тергөө тобу келип документ, буюмдарымды мага өткөрүп бергенден кийин гана кирип отурам. Ишти тезирээк бүтүрүп бергиле деп жатабыз. Азыр кирип алсам тергөөгө бут тоскон болуп калам. Буюмдарымдын жарымын башка кабинетке алып чыгышкан, жарымы кабылдамамда турат. Кандай алган болсо, ошондой өткөрүп бериши керек. Купуя документтерим бар эле. Баарын өткөрүп алгандан кийин менде доомат болбойт", — деди Бакиров.
Эскерте кетсек, 23-ноябрда Өмүрбек Бакиров аны 18-ноябрда кабинетинен чыгарып салганын айтып, ошондон бери көчөдө жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, жардамчылары түшкү тамактанууга кеткен учурда кабинетине мөөр басып кетишкен.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен парламентте кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган Президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын чыгарып салышкан.
Президенттин иш башкармалыгы Бакиров кабинетинен оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу чыгарылганын билдирген. Кийин бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, мыйзамсыз аракеттерди аныктаган. Ошону менен бирге Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы иштен алууну сунуштаган.
Бакиров: юридикалык баа берилмейинче башка кабинетке көчө албайм