Окуучулардын кышкы каникулу качан башталары айтылды

Мектептерде сабактар 11-январдан тарта башталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы мектеп окуучулары үчүн быйыл экинчи чейрек 30-декабрда жыйынтыкталып, кышкы каникул 10-январга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
"Сабактар 11-январдан тарта башталат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, алдын ала маалымат боюнча, жаңы жылдык майрамда кыргызстандыктар 1-8-январь күндөрү эс алышат.
Жаңы жылда кыргызстандыктар канча күн эс алат? Министрликтин сунушу