Радио

Бобушева: Кыргызстанда бактериялык күйүк илдети жайылууда

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин айыл чарба факультетинин окутуучусу, биология илимдеринин кандидаты Сайкал Бобушева бактериялык күйүк илдети өлкөнүн бардык аймагында кездешерин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда бактериялык күйүк илдети жайылып, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн азаюусуна коркунуч туудурууда. Бул тууралуу Сайкал Бобушева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бактериялык күйүктүн Кыргызстандагы жайылышы, илдетке каршы күрөшүү чаралары илимий негизде изилденип жатат.
"Бактериялык күйүк илдети — бактерия козгогон бир клеткалуу микроорганизм. Бул Түндүк Америка континентинен тарап Кыргызстандын аймагына жеткен, роза гүлдүүлөр тукумуна кирген жапайы жана маданий өсүмдүктөрдү жабырката турган кооптуу илдет. Алсак, Кызыл китепке кирген алма, алмуруттун ата теги саналган сейрек кездешүүчү түрлөрүн жабыркатып, жок кылат. Мисалы, алма, алмурут, бий алма, чие, өрүк, шабдалы, кара өрүккө жугуп, жалбырагын күйгүзүп, карайтып, жыйынтыгында жок кылат. Бул илдет 2010-жылдары Казакстан менен Кыргызстандын чегинен табылып, учурда өлкөнүн бардык аймактарында кездешет. Бирок окумуштуулар бактериялык күйүк ага чейин эле болгонун айтышууда. Илдеттин кооптулугу расмий аныкталгандан кийин оору катталган жерлерди карантиндик объект катары эсептеп келебиз. Учурда дүйнөдө да бул ооруга каршы күрөшүү препараттары чыга элек. Бирок алдын алуу иштерине көңүл бурулуп жатат", — деди Бобушева.
Ошондой эле адис өсүмдүктөргө карата бактериялык оорулардын өлкөдө көбөйүп кетпеши үчүн мамлекеттик көзөмөл болушу керектигин кошумчалады.