"Коопсуз шаар": кытайлык компания милдетин аткарбай коюп өкмөт соттошуп жатат

Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Ош облусуна жана шаарына, Ысык-Көлгө "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп, бирок эки жылдан бери иштебей турушунун себебин сурады.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов тендерди уткан кытайлык компания өз милдеттемелерин аткара албай калып, Санариптик өнүктүрүү министрлиги алар менен соттошуп жатканын билдирди.
"Сиз айткан камералар "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында коюлган. План боюнча 2022-жылдын 10-мартына чейин баары ишке кирмек. Ошондуктан Санариптик өнүктүрүү министрлиги компанияны сотко берип, иш токтоп турат", — деди Исраилов.
Депутат сотту күтүп отура бербей саясий бир чечим кабыл алып эртерээк чечүү зарылчылыгын айтты.
Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" өлкөнүн бардык облустарын жана республикалык эки калааны, облустук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт. Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган. Анын алкагында 306 жерге камера коюлмак, стационардык — 266, жылып жүрө тургандары 40 даана болору айтылган.
Мас айдоочулар күбөлүгүнөн ажырап, айып пул көбөйөт. Мыйзам долбоору талкууда