БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратурадан кылмыш иштерин тергөө функциясын алып салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.
Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев көтөрүп, коомдук талкууга койду.
"Прокуратуранын негизги милдети — мыйзамдардын жана башка укуктук-ченемдик актылардын кынтыксыз аткарылышына көзөмөл жүргүзүү. Прокуратура органдары сотко чейинки ишти кароо учурунда тергөөгө да, мыйзамдуулуктун сакталышына да өздөрү көзөмөл жүргүзөт. Мында коррупцияга жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол ачылып, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин күч-аракеттери начарлайт", — деп жазылат долбоордун маалыматтык негиздемесинде.
Мындан улам прокуратура органдарынын тергөө жүргүзүү функциясын ИИМ жана УКМКга өткөрүп берүү сунушталды. Ал эми аскерлерге байланышкан иштер боюнча тергөө азыркыдай эле Аскер прокуратурасында калат.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратурага тергөө жүргүзүү укугу 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин берилген болчу.
Буга чейин Жеңишбек Токторбаев прокуратурада коррупция абдан күчөгөнүн, тергөө укугу берилгенден кийин "монстрга" айланып кеткенин айткан. Ошондой эле башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ишмердүүлүгүн кароо зарылчылыгы жаралганын билдирген. Депутат ошол эле күнү Башкы прокуратурага суракка чакырылган.