Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Путин Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Россиялык лидер Россия менен Кыргызстан элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу жана актуалдуу маселелер боюнча диалогдун жана биргелешкен иштин улана беришине ишенерин айткан. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти 54 жашка толду.
Жапаров Садыр Нургожоевич — өмүр баяны