Адис "Википедия" бир катар өлкөлөргө коркунуч туудурарын айтты

Малькевич "Википедия" платформасында бүтүндөй өлкөнүн тарыхын каалагандай жазып чыгууга болорун эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Жалгыз "Википедия" менен жашоого болбойт, андагы макалалар бүтүндөй өлкөлөрдүн тарыхын кайра жазуу максатын көздөшү мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Жарандык палатасынын коомчулукту, ЖМКларды жана массалык коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Малкевич билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүндө маалыматтык коопсуздук жана фейктерге каршы күрөшүү" видеокөпүрөсүнө катышкан.
"Википедиянын" гана алкагында жашоого болбойт. Менимче, бул келечек алдында турган олуттуу коркунуч. Коомдо бош убактысы барда акылдуу адамдар маалымат жазып турган элдик энциклопедия тууралуу миф бар. Бирок андай эмес. Маалыматтарды атайын даярдалган адамдар жасашат. Ошол эле учурда көп сандагы басылмалар учурдун кызыкчылыгы үчүн кайра жазылып турат, айрымдарын өзгөртүүгө мүмкүн болбой калат", — деди Малькевич.
Ал "Википедия" жараткан чоң коркунуч жаш муундун — окуучулар менен студенттердин бул платформадан маалымат алышында экенин кошумчалаган.
"Бул узак убакытка пландалып, балдарыбызды бутага алган иш", — деди адис.
Малькевич "Википедия" платформасында бүтүндөй өлкөнүн тарыхын каалагандай жазып чыгууга болорун эскерткен.
Маданият министрлиги "фейктер" жөнүндөгү чуулгандуу мыйзамга түзөтүү киргизет