Радио

Дарыгер: ата-энелер жаш балдарга өз алдынча витамин бербеши керек

Үй-бүлөлүк дарыгер Жылдыз Муратова кыш мезгилинде кантип ден соолукту чыңдаш керектигин айтты.
Sputnik
Кыш мезгилинде ден соолукту эң биринчи кезекти вакцина алуу менен бекемдесе болот. Бул тууралуу Жылдыз Муратова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кышында көбүрөөк мөмө-жемиш жеш керек.
"Адамдар ден соолугун кышында эле эмес жыл бою чыңдаганга аракет кылышы керек. Азыркы кезде эң биринчи кезекте вакцина аркылуу ар кандай ооруларды алдын алсак болот. Мындан сырткары, убагында эс алуу, учурунда уктоо, туура тамактануу, эртең менен жана кечинде эки саат жөө басуу зарыл. Таза тамактар менен тамактанып, басымды мөмө-жемиштерге койсок, кыш мезгилинде ден соолугубузду бекемдегенге аракет кылган болобуз. Ар кандай витаминдерди ичүү, албетте, ден соолукка таасир берет. Бирок жогоруда санап өткөндөр менен чогуу карабасак натыйжа болбой калат. Биздин өлкө мөмө-жемишке бай болгондуктан аларды табигый жол менен алсак болот. Дени сак адамдар витаминди ар кандай таблетка, уколдор аркылуу албастан, тамак-аш аркылуу алганы жетиштүү. Иммунитети алсыраган бейтаптарга врачтар оорусуна жараша бир жылда бир жолу витаминдерди сунушташат. Ошондой эле оорунун батыраак айыгышына шарт түзгөн витаминдер бар",— деди дарыгер.
Ал ата-энелерди жаш балдарга өз алдынча витамин бербөөгө чакырды.