Быйыл Кыргызстанда кайсы адистиктерге суроо-талап көп болгону айтылды

Компаниялар соода иштерин жүргүзгөн менеджерлерди көп сурашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда кайсы кесиптин ээлерине суроо-талап көп болгондугун Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө жумушту онлайн издөө жана жалдоо боюнча иш алып барган HeadHunter платформасы маалымдады.
Суроо-талап боюнча, маалымат платформанын сайтына жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн сурамы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган.
2022-жылы өлкөдө соода иштерин жүргүзгөн менеджерлер жана сатуучулар эң көп талап кылынган. Аталган платформада жыл башынан бери сатуу секторунда жумуш берүү боюнча 7000ге жакын маалымат жайгаштырылган. Бул сандар жогорудагы сайтта жайгаштырылган бош орундардын жалпы санынын 42 пайызынан ашыгын түзөт.
Ал эми экинчи орунду административдик кызматкерлер ээлеген. Бул Кыргызстандагы тейлөө секторунун өнүгүшү менен түшүндүрүлөрүн айтышты. Үчүнчү сапта IT-адистер турат. Өзгөчө инженерлер менен программисттерге суроо-талап көбүрөөк болгон. Бул жаатта бош орундардын саны былтыркы көрсөткүчтөн 115 пайызга көбөйүп, келечекте тынымсыз өсүшү үчүн бардык өбөлгөлөр бар экендиги айтылган.
Иш орундардын саны боюнча төртүнчү орунду бухгалтердик эсеп жана финансы тармагынын кызматкерлери ээлеген. Ошондой эле маркетинг, жарнама жана PR тармагындагы адистердин кызматына муктаждык көп болуп, алар бешинчи орунга чыккан. Жумуш берүүчүлөр байланыш тармагындагы адистерди, аналитик, иш-чараларды жайылтуу жана уюштуруу боюнча адистерди арбын издешкен.
Жыл башынан бери иш издегендердин саны 4,1 пайызга азайды