Бул жумада Бишкекте кандай маданий иш-чаралар өтөт. Тизме

Жума ичинде спектаклдер, кинолор жана конференциялар болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул жумада өтө турган маданий иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Программа:
5-8-декабрь күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин Улуттук тарых музейинде БУУнун гендердик зомбулукка каршы багытталган бүткүл дүйнөлүк 16 күндүк кампаниясынын алкагында "Аялдар киносунун жумалыгы", кирүү акысыз;
6-декабрда саат 11:00дө жаңы реставрациядан өткөн Илья Тереньтевдин үй-музейинин ачылышы;
6-10-декабрь күндөрү Эл акыны, драматург, котормочу Жалил Садыковдун 90 жылдыгына карата театралдык жумалык жарыяланат.
Анын программасы:
6-декабрда саат 18:30да Кыргыз улуттук драма театрында "Манастын уулу Семетей", Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры коёт;
7-декабрда саат 18:30да Кыргыз улуттук драма театрында "Өлүп тирилгендер", Ош улуттук драма театры коёт;
Саат 12:00 жана 18:30да Мамлекеттик улуттук орус драма театрында "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын "Акмөөр" спектакли;
8-декабрда саат 13:00 жана 18:30да "Төлгө", Кыргыз улуттук академиялык драма театры коёт;
10-декабрда саат 11:00дө Кыргыз улуттук филармониясында Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара;
8-декабрда саат 10:00дө Улуттук тарых музейинде Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хандын) 230 жылдыгына арналган "Ормон хан Ниязбек уулу - XIX кылымдын орто чениндеги көчмөн Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү" деп аталган эл аралык илимий практикалык конференция;
12-декабрда саат 18:00дө Улуттук филармонияда Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи.
Кыргыз драма театры декабрда коюлчу спектаклдердин репертуарын жарыялады