Баткендин коопсуздугуна жана өнүктүрүүгө жылына 1,5 млрд. сом бөлүү сунушталды

Депутат облуска багытталган каражатты 1,5 миллиард сомго чейин көтөрүүнү көздөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, каржы булагын көбөйтүүнү сунуштап, коомдук талкууга коюлду.
Учурда Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын 500 миллион сом бөлүнөт. Депутат ал сумманы 1,5 миллиард сомго чейин көтөрүүнү көздөп жатат. Ошондой эле өнүктүрүү программасын жыл сайын оңдоо жана узартуу менен 5 жылдык мөөнөткө бекитүү каралган.
"Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун мөөнөттөрү мезгил-мезгили менен келип чыгуучу кырдаалдан, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чечилбеген маселелерден улам региондогу өзгөчө кырдаалды эске алуу менен реалдуу, конкреттүү жана натыйжалуу болууга тийиш", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Белгилей кетсек, былтыр жай айында Баткен облусуна өзгөчө статус берилген болчу.
Пресс-борбор
Баткен өзгөчө макам алгандан кийин ал жерде эмне өзгөрдү? Бийликтин жообу