Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дүйнөлүк банк: жыл аягына чейин Украинадагы жакырлардын саны 8 миллионго жетет

Дүйнөлүк банктын башчысы Украинаны калыбына келтирүү үчүн 500 миллиард евро керектелерин айтып, бул өтө кооптуу божомол экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Украинада жылдын аягына чейин жакырчылыктын чегинде жашагандардын саны 8 миллионго жетерин Дүйнөлүк банктын вице-президенти Анна Бьерде билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"2022-жылдын аягында Украинада 8 миллион адам жакырчылыкта жашап калат. Мындан улам калк арасындагы кедейчиликтин саны 2 пайыздан 25 пайызга чейин өсөт", — деп билдирди Бьерде.
Анын айтымында, Украинаны калыбына келтирүү үчүн жок дегенде 500 миллиард евро керектелет. Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Малпасс бул болжомол жүрөк үшүн аларын айткан.
Буга чейин Украина бийлиги, Еврокомиссия жана Дүйнөлүк банк Украинаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды 349 миллиард долларга баалаган. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен келтирилген зыян 600 миллиард еврого бааланганын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинадан улам арсеналы кандай жоготууга учураганын ачыктады