Өлкөдө 129 мектептин директору сынактан кийин кайра дайындалды

Министрлик мектеп директорлорун тандоо сынагы кайталанып туруучу процесс экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 129 орто мектептин директору жаңылангандагын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Алар — мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын жетекчилеринин бош кызмат орундарына болгон сынактын жеңүүчүлөрү. Министрликтин жаңы эрежелерине ылайык, мектеп директорлору эми сынак аркылуу беш жылга гана тандалат.
Жаңы кызматка келген 129 директор Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы мектептерди жетектеп, ишке киришти.
Тизме министрликтин сайтында жарыяланды.
Кыргызстанда июль айында беш жылдан ашык иштеген 966 мектептин директору президенттин жарлыгы боюнча сынактын жыйынтыгы менен жаңыдан дайындоо үчүн кызматынан бошотулган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бардык жарыяланган бош орундарга тандоо дээрлик аяктап калганын түшүндүрдү.
"Бирок директор беш жыл иштеген мектептерде жетекчилердин орундары дагы эле бошоп жатат. Андыктан бул үзгүлтүксүз процесс деп айтууга болот. Орун бошотулган соң сынак жарыялана бермекчи", — деп кошумчалашты ведомстводон.
Нарын менен Көлдө мектеп директорлорунун сынагынан 63 кишинин 20сы өттү