БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Күз-кыш мезгилдеринде көпчүлүк иммунитетин көтөрүү үчүн түрдүү каражаттарды ичип баштайт. Бирок бул туура эмес экендигин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт Алексей Водовозов айтып берди.
Ал иммундук системаны көтөрүү үчүн ар түрдүү витамин, дары-дармекти ичүүнүн кажети жок экендигин белгиледи.
"Бул системага тийишпей эле койгон оң. Бактыга жараша, ал биздин түрдүү "кол салууларыбыздан" өзгөрбөйт. Эмне гана ичпейли, баары бир иммунитетке таасир бере албайт", — деген Водовозов.
Анын айтымында, эгерде адам өзү каалап жаткандай укмуш күчтүү иммунитетке жете алса, кесепети өтө эле начар болмок.
"Бизге өтө күчтүү иммундук реакция керек эмес. Аутоиммундук оорулар — мисалы, күчтүү иммундук реакция же болбосо COVID-19 оорусу күч алган учурда көп адамдарды өлүмгө жеткирген гипериммундук реакция. Мунун кереги жок", — деди терапевт.
Дарыгер сергек жашоо образын сактаган адамдардын иммундук системасы организмге коркунуч жаралган учурда тийиштүү деңгээлде жооп бере аларын белгиледи.
"Ашыкча тоюу, аз кыймыл, стресске чөгүп кетүү, уйкунун канбагандыгы — мунун баары иммунитеттин алсызданышына алып келет. Ошондуктан ушул көрүнүштөрдү жоюу менен биз бул системанын күчтөнүшүнө жардам бере алабыз", — деген дарыгер.
Ал дене мүчөнү бузуп жибере турган ашыкча машыгуунун кереги жок экендигин айтып, болгону күнүнө 1-2 аялдама аралыкты жөө басып коюу иммундук системанын туура иштешин шарттай турганын белгилеген.