Кыргызстанда Бокс академиясы ачылышы мүмкүн. Садыр Жапаров Кремлевду кабыл алды

Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Кыргызстанда боксту өнүктүрүүгө кызыкдар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алып, Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алып, Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча сүйлөштү

2 / 3

Мамлекет башчы Кремлевдун иш сапары Кыргызстандагы бокстун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним арткан

3 / 3

Ошондой эле өлкөдө мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген

Мамлекет башчы Кремлевдун иш сапары Кыргызстандагы бокстун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним арткан. Ошондой эле өлкөдө мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген. Аны менен катар жакшы бокс мектеби бар экенине, муну ири эл аралык мелдештерде жеңген жогорку деңгээлдеги медалдар тастыктап жаткандыгына көңүл бурган.
Ал эми Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Кремлев Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Ал, мындан тышкары, Эл аралык бокс ассоциациясы Кыргызстанда бокс боюнча эл аралык турнирди жана чет элдик спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, ошондой эле Бокс академиясын куруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын баса белгиледи.
Миң орундуу "Манас" театры ишке кирет. Президент Рысбай Исаков менен жолукту