Кыргызстанда быйыл 110 чакырымдык жаңы унаа жол салынды

Өлкөдөгү бардык жолдорду кошуп эсептегенде узундугу 34 005 чакырымга жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду эске алуу менен жалпы узундугу 489,8 чакырым жол оңдолуп, анын ичинен 110 чакырымы жаңыдан салынды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы пайдалануудагы жолдордун узундугу 18 942 чакырымды түзөт. Ал эми шаарлардын, айылдардын, айыл чарба, өнөр жай жана башка мекемелердин жолдорун кошуп эсептегенде 34 005 чакырымга жетет.
Эл аралык маанидеги автоунаа жолдору — 4 218, мамлекеттик маанидегиси — 5 616, жергиликтүү маанидегиси 9 108 чакырым экени жазлыган. Анын ичинен асфальт төшөлгөнү 6 754 чакырым, 8 917 шагыл жол болсо, 1593 чакырымына кара шагыл төгүлгөн. 1 668 чакырымы катмарлуу экени айтылды, ал эми цемент бетон жол 10 чакырымды түзөт.
Бишкектин кайсы жерлерине эстакадалык көпүрө, өтмөктөр курулары айтылды