Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол

Дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -10 градуска чейин суук болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
5-7-декабрь күндөрү тоолуу райондордо кар жаайт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 8-9-декабрда айрым жерлерде кар жаайт. 10-11-декабрда күн ачык болот.
Жума ичинде дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -10 градуска чейин суук болот.
Жолдорго муз тоңуп тайгак болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот