Өзгөрүп турат. Алдыдагы аптага карата Кыргызстан боюнча аба ырайы

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Айрым жерлерге туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Чүй облусу

4-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 5-6-декабрда көпчүлүк аймактарга кар түшөт.
6-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Туман түшүп, тайгак болот.
7-8-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаап, 9-декабрда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 10-декабрда күн ачык болот.

Талас облусу

4-декабрь жаан-чачын болбогону менен 5-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 6-10-декабрда күндүн көзү бузулбайт. 8-декабрда жана 9-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар түшүшү күтүлөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары

4-декабрдан тарта 9-декабрга чейин өлкөнүн түштүк аймагынын көпчүлүк жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.
10-декабрда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

4-7-декабрда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-9-декабрда айрым жерлерде кар жаап, кайра 10-декабрда күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Нарын облусу

4-5-7-декабрда күндүз айрым жерлерде, 8-9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 10-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот