Бул эмнеге алып келерин Никита Бизин боолголоп көргөн. Серепчинин учкай макаласын РИА Новости сайты жарыялады.
Бийлигине салып...
Москва патриархатынын Украина православдык чиркөөсүнүн монастырларын Украинанын Коопсуздук кеңеши тарабынан тинтүүлөр эки аптадан бери уланууда. Сыйынуучу жайда "Украинага каршы адабияттарды" жана "орус дүйнөсүнүн пропагандасын" издеп жатышат. "Коллаборанттар" катары камакка алынган дин кызматкерлерин Россия менен туткунга түшкөн аскерлерге алмаштырууга аракет кылышары ыктымал.
Жыйырма үчүнчү ноябрда Жогорку Раданын кароосуна Орус православдык чиркөөсүнө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Бул – экс-президент Петр Порошенконун "Европалык шериктештик" партиясынын демилгеси.
"Максат – Украинанын улуттук коопсуздугуна туулган коркунучту алдын алуу жана тартипти камсыздоо. Себеби Орус православдык чиркөөсү Украинага каршы жана диверсиялык ишмердикти ачык жүргүзүп келди", — деп билдирди партиянын тең төрагасы Ирина Геращенко.
Мыйзам Орус православдык чиркөөсүнүн курамындагы же мыйзамдык, уюмдук жана башка формада баш ийгенин моюнга алган диний уюм-мекемелерге толук тыюу салуу каралат. Ага ылайык, эч бир диний уюм Украинанын тышында жетектөөчү борборго, ошондой эле өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган чет өлкөлүк структуралардын бөлүгү боло албайт. "Аткаруу бийлигинин борбордук органынын макулдугу" менен гана мындай байланыштарга жол берилет. Ушундай уюм пайдаланган мамлекеттик мүлккө байланышкан келишимдердин баары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
Бөтөнчө укук
Эксперттер дагы бир учурга көңүл бөлүүгө чакырат: диний уюмдардын аталышын мыйзам менен жаңыча жөнгө салуу сунушталууда. Маңызында Украинанын православдык чиркөөсү – бирден-бир легитимдик чиркөө түзүмү.
Ал 2018-жылдын аягында ошол кездеги мамлекет башчысы Петр Порошенко жана Константинополь патриархы Варфоломей канондук Украиналык православдык чиркөөгө каршы коюу үчүн түптөлгөн. Башка коомчулуктар "православдык" деген сөздү ушул диний мекемеге баш ийген учурда гана колдоно алышат.
Натыйжада Украиналык православдык чиркөө формалдуу түрдө Москва патриархатынын юрисдикциясында болгондуктан укуктук макамынан ажырайт. Ал эми анын башкы монастыры — Киев-Печер лаврасы мамлекетке таандык. Мындан тышкары, Порошенконун эзелки тилеги орундалып, Украиналык православдык диний мекеме Москвадан оолактап, "жаңы чиркөөнүн" бөлүгүнө айланат.
"Европалык шериктештик" партиясынын демилгеси болду-болбоду, колдоого татыйт. 25-ноябрда президенттин сайтында жарыяланган петиция 25 миңден ашуун кол топтоду. Бул Зеленскийдин аталган долбоорду карап чыгышы үчүн жетишерлик.
Украинанын Батышында эмитен эле аталган чиркөөгө тыюу салынууда. Атап айтканда буга Львов облусунун депутаттары жана Чернигов шаардык кеңеши үндөгөн.
Курчоого алынган чеп
Мындай кадамга жооп катары 23-ноябрда чиркөөнүн жыйыны өтүп, анда "чиркөө турмушунун эң маанилүү маселелери" талкууланды. Чиркөө миросун (майын) кайнатуу жөнүндөгү чечим кабыл алынды. Бул – автокефалдык (көз карандысыз) чиркөөсүнүн ыйгарым укугу. Бирок архиерейлердин айтымында, миро кайнатуунун тарыхы XV кылымдын ортосунан тарта башталган. Кийин ыйык май Киев-Печер лаврасында даярдалган. 1917-жылдан кийин бул иш токтотулуп, мирону Москвага алып кетишкен.
"Бөлүм туурасында кеп козгоо эртелик кылат. Анткени Москва патриархына автокефалияны камсыз кылуу жөнүндө билдирүү келе элек", — деп эсептейт чиркөө тарыхынын доктору, Православ Свято-Тихоновск гуманитардык университетинин профессору Владислав Петрушко. Ал Украиналык православдык чиркөө Москва патриархатынан көз карандысыз экенин жарыялаган.
"Мыйзам чегинен тыш калышат"
Эксперттер эки сценарийди боолголошот. Бири эбак ишке ашырылууда. "Украиналык православдык чиркөө улуттук күчтөрдүн күчтүү кысымына кабылууда. Анан да ал болушунча канондор алкагында аракет этүүгө тырышат", — деп билдирет Россия Илимдер академиясынын Европа институтунун директору, саясий илимдердин доктору Роман Лункин.
"Эрежеге ылайык", улам кыйындап барат. Бийлик чыңалууну ого бетер кызытууда. Чиркөөдөгү тинтүүлөр буга далил. "Кылмыш ишин монахтардын биринен патриарх Кириллдин куттуктоосу же орус тилиндеги окуу адабияттарынан улам гана козголууда", — деп белгилейт Лункин.
Эгер Жогорку Рада Украина православдык чиркөөсүнө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырса, анда бул саясатчылар экинчи сценарийге өтүүгө даяр. Жыйынтыгында Украинадагы ири, эң башкысы, жалгыз канондук православдык мечит мыйзам чегинен тыш калат. Анын аркасынан жапырт репрессиялар башталат. Андан соң раскольниктердин Украина православдык чиркөөсү менен биригип калышы да ыктымал.