Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын өлүмү: эки шектүү өз жанын кыйганы айтылды

Маркумдар 26 жана 25 жашта болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип абакта отурган эки адам өз өмүрүнө кол салышты. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты.
Алар Ош шаарындагы №5 тергөө абагында кармалып отурган. Бүгүн, 4-декабрга караган түнү, эки шектүүнүн асынып алган абалдагы сөөгү табылган.
Жаза аткаруу кызматы маркумдар 26 жана 25 жашта болгонун белгиледи.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 26 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган. Төртүнчү шектүү 18ге чыга элек болгондуктан Жалал-Абад облусундагы атайын режимдеги объектиге киргизилген.
Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алышы керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.
Шаарга жеткирем деп... Сузакта жаш кызды өлтүрдү деп 58 жаштагы киши кармалды