ЖМК: британиялыктар кризистен улам тамакты шам менен жылытып жатышат

Акыркы 40 жыл ичинде баалардын өсүшү рекорддук көрсөткүчкө жеткени менен британиялыктардын маяналары мурдагыдай калгандыгын ЖМКлар жазышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Улуу Британиядагы катуу үнөмдөө режиминен улам эл үй жаныбарларына алган тамагын шамдын отуна жылытууга мажбур болууда. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.
Электр энергиясы кымбаттагандыктан британиялыктар тамак-аштын сапатын төмөндөтүшүүдө. Уэльстин борбору Кардифф шаарындагы азык-түлүк кайрымдуулук фондунун жетекчиси Марк Стид бул сейрек кездешкен көрүнүш эместигин айтты.
"Биз бул тууралуу ишенимдүү маалымат булактарынан билебиз. Андай болбошу керек. Кардифф гүлдөгөн шаар болчу, азыр анын жашоочулары өзүн бардык нерседен чектөөгө аргасыз. Элге айлыктар толук берилбей, алар муктаж болгон оокаттарын сатып ала албай жатышат. Баалар өсүүдө. Андыктан үнөмдөөгө же кайсы бир нерседен баш тартууга туура келүүдө. Алар бош убактысынын баарын акча табууга жумшап жатканын айтып жатышат", — деди Стид.
Улуу Британияда тамак-аш фондунун жардамына кайрылган мамлекеттик кызматкерлердин саны барган сайын өсүүдө. Эл тамак жасоого энергияны коротпоо үчүн даяр азыктарды сурап жатышат. Басылма белгилегендей, Улуу Британияда баалардын өсүшү акыркы 40 жылда рекорддук көрсөткүчкө жеткени менен айлык мурдагыдай эле. Алдын ала божомолдор боюнча, жакынкы эки жылда британиялыктардын орточо сатып алуу жөндөмдүүлүгү дагы 6,2 пайызга төмөндөйт.
Билим берүү тармагынын, саламаттыкты сактоо кызматынын жана темир жол кызматкерлеринин арасында айлык акыны жогорулатууну талап кылган иш таштоо көбөйдү.
Буга чейин Улуу Британияда электр энергиясын керектөө кескин кыскарганы айтылган. Ноябрь айында электр кубатына болгон талап октябрь айына салыштырмалуу кеминде 10 пайызга аз болду.
ЕБ украиналык каатчылыктан ким пайда көрүп жатканын түшүндү. Сереп