Слуцкий: Евробиримдик мунайдын баасын чектөө менен өзүнө кризис жаратууда

Слуцкий Евробиримдик өлкөлөрү өзүлөрүнө энергетикалык кризисти жаратуу менен АКШны байытып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Думанын эл аралык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий Евробиримдик мамлекеттери өзүлөрүнө энергетикалык кризисти жаратып жаткандыгын билдирди. Анын G7нин орус мунайына баанын чегине карата айткан билдирүүсүн РИА Новости жазды.
G7 өлкөлөрү менен Австралия россиялык өндүрүштөгү мунайдын баррелине баанын чегин 60 доллардан киргизүү боюнча бир жыйынтыкка келишкен.
"Евробиримдиктин мамлекеттери өздөрүнө энергетикалык кризисти жаратуу менен АКШны байытып жатат. Мындай саясаттын кесепети айланып келип, жакынкы убакта батыш өлкөлөрүнүн бийлигине тиет деп ойлойм", — деген Слуцкий.
Парламентарийдин айтымында, Россия мунайды арзан баада сатпайт.
"Биз үчүн сырткы жасалма "чектөөлөр" эмес, экономикалык бирдиктүүлүк маанилүү... Евробиримдиктин артынан "Чоң жетилик" дагы өзүнө ор казды. Россия жетекчилигинин өкүлдөрү мындай чечим кабыл алынса мунай берилбестигин бир нече жолу айтып келишкен", — деп кошумчалады ал.
G7 россиялык мунай баасынын чегин чечти. АКШдагы элчиликтин реакциясы