БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн автоунааларынын саны 2017-2021-жылдары кандай өзгөргөнүн жарыялады.
Ага ылайык, 100 түтүнгө канча жеңил унаа туура келери көрсөтүлдү.
Орто эсеп менен алынган статистика төмөндөгүдөй:
2017 жыл — 24 автокөлүк;
2018 — 26;
2019 — 26
2020 — 27;
2021 — 30.
Жакында эле үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанга 25,7 миң жеңил автоунаа алып келинип, акыркы жылдарга салыштырмалуу рекорд жаратканы белгилүү болгон.