Футбол: плей-оффко чыккан командалардын тизмеси

Беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Голландия жана АКШнын оюну менен башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын бардык жуптары аныкталып бүттү.
1/8 финалда төмөнкү 16 команда беттешет:
Нидерланддар – АКШ;
Аргентина – Австралия;
Япония – Хорватия;
Бразилия — Түштүк Корея;
Франция — Польша;
Англия – Сенегал;
Марокко-Испания;
Португалия – Швейцария;
Беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Голландия жана АКШнын оюну менен башталат. 4-декабрга караган түнү саат 01:00дө аргентиналыктар Австралия курамасы менен беттешет.
ДЧ-2022: тагдыр чечкен бир нече мүнөт. Түштүк Корея Уругвайдан жолдомону алып кетти