Министрлик окуучулардын ысык тамагына көбүрөөк акча бөлүүнү сунуштады

Министрлик окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн сумма 2006-жылдан бери өзгөрбөгөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Билим берүү министрлиги башталгыч класстын окуучуларынын бир күндүк ысык тамагына бөлүнгөн 7 сомду 20 сомго көтөрүүнү сунуштады.
Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган.
Министрлик учурда 1 735 мектеп окуучуларды ысык тамак менен камсыздап жатканын билдирди. Бул жалпы мектеп санынын 73,92 пайызын түзөт. Ошондой эле балдардын тамагына бөлүнгөн сумма 2006-жылдан бери өзгөрбөй келгени айтылган. Азык-түлүктүн кымбатташынан да улам окуучуларга берилген тамактын көлөмү азайып калган.
Долбоордо бирдиктүү сумма каралгандыктан, тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган окуучуларга делген атайын 10 сомдук норма жоюлат.
Токтомдун долбоору кабыл алынса, жыл сайын мамлекеттик эсептен 1,556 миллиард сом бөлүнүп турат. Кеп 458 миң окуучуну ысык тамак менен камсыз кылуу жөнүндө болууда.
Окуучулардын тамагына бөлүнчү акча 20 сомго көбөйтүлөт. Министрликтин сунушу