Мамдепартамент: АКШ Россиянын жаңы аймактарын эч убакта тааныбайт

Эгер Москва украин жаңжалын чындап жөнгө салуу боюнча мамилесин көрсөтсө, АКШ Россия менен кепке келүүгө даяр экенин ырастады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс АКШ Украинадагы атайын аскердик операция учурунда Москванын көзөмөлүнө өткөн аймактарды эч убакта Россиянын жери деп тааныбастыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Украинадагы кризистин келечекте кандай чечилери туурасында пикирин билдирип жатып, "АКШ Россиянын 2014-жылы же жакындан бери аннексиялап алган аймактарды эч качан тааныбай турганын ачык айтып келишерин" белгилеген.
Ал бир күн мурда президент Жозеф Байден айткан тезисти ырастап, эгер Москва украин жаңжалын чындап жөнгө салуу боюнча мамилесин көрсөтсө, АКШ Россия менен байланышка, анын ичинде эң жогорку деңгээлдеги алака-катышка даяр экенин айткан.
"Ушул убакка чейин Россиянын бардык аракеттери мунун тескерисин далилдеп келген", — деп билдирди америкалык дипломат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен НАТОнун тартуусу. Украинанын абадан коргонуу тутуму бекемделдиби?