Келе жаткан аптада Чүйдө аба ырайы кандай болот?

Айрым жерлерде туман түшүп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Чүй облусу боюнча аба ырайынын божомолун таратты.
4-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 5-6-декабрда көпчүлүк аймактарга кар түшөт.
6-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүп, тайгак болот.
7-8-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаап, 9-декабрда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 10-декабрда күн ачык болот.
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот